Талас. Ооруканадагы бейтаптар 31-августта болчу концертке бекер билеттерди алышты
Концерттин уюштуруучулары алгач облустук ооруканадагы бейтаптарга билеттерди таркатышты


Концерттин уюштуруучулары алгач облустук ооруканадагы бейтаптарга билеттерди таркатышты

"Бир күн болсо да көйгөйдү унутуп, көңүл ачып келиңиздер" дешти уюштуруучулар

Концерттин уюштуруучулары алгач облустук ооруканадагы бейтаптарга билеттерди таркатышты

Бекер концерт көрүүгө жолдомо алышкан бейтаптар кубанычта

Дарыгерлерге да билеттер берилди

Талас облустук ооруканасы

Дарыгерлерге да билеттер берилди

Айрым бейтаптар "өзүбүз бара албасак да бизди карап жаткандар барып келишет" дешти

Айрым бейтаптар "өзүбүз бара албасак да бизди карап жаткандар барып келишет" дешти

Концерттин уюштуруучулары согуштун жана эмгектин ардагерлери жаткан ооруканада болушту

Аксакалдар ыраазы болушуп бата беришти
Бүгүн, 16-августта Талас шаарындагы ооруканаларда дарыланып жаткандарга жана медицина кызматкерлерине 31-августта борбордук стадиондо өтө турган “Куудулдар жана булбулдар” аттуу концертке кирүүгө бекер билеттер таркатылды. Талас шаардык кеңештин депутаты Марат Мураталиев “Билеттерди таркатууну алгач ооруканалардан баштадык. Бир күн болсо да бейтаптар ооруну унутуп, маанайлары көтөрүлсө деген ниет”,- дейт. Ал эми концерттин уюштуруучулары бекер билеттерди таратуу облус башчы Койсун Курманалиеванын колдоосу менен ишке ашып жатканын айтышты.
Концерт эки бөлүктөн турат, алгач Таластан чыккан ырчылар өнөрлөрүн элге тартуулашса, экинчи бөлүгүндө конок ырчы-куудулдар элдин маанайын көтөрүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

