super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деген пикири үчүн жооп бериши керек". КҮНСОБОЛ

 
Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деп жергиликтүү маалымат каражатына маек берип жатып билдирген. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, учурда депутатты сындап жатышат.

SUPER.KG порталы "Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда дейт. Эгемендүү өлкөнүн парламент депутаттарынын мындай маалыматтарды жайылтып жатканы туурабы?" деген собол салды.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров депутаттын мындай пикирине таң калып жатканын билдирди.

"Депутаттын Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деп айтканы туура эмес, жаңылыштык. Анын пикирине таң калып жатам. Башында бул фейк маалымат экен деп ойлогом. Көрсө чындап эле ушинтип айткан экен. Ошол сөзү үчүн ал жооп берүүгө тийиш. Кечирим сурап же эмненин негизинде ушундай пикирди айтып жатканын далилдеп берсин", - дейт Токтонасыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: