super.kg logo
  Саясат  

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөр “Ч.Айтматов жана анын Ысык-Көлү” аттуу Эл аралык конгрессин уюштуруу демилгесин колдошту

 

Бүгүн, 16-августта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинде кеңешке мүчө өлкөлөрдүн президенттери “Чыңгыз Айтматов жана анын Ысык-Көлү” аттуу Эл аралык конгрессин 2013-жылы уюштуруу демилгесин колдошту. Мындай чечим аталган кеңештин бүгүн кабыл алган декларациясында жазылган. Бул иш-чара улуу жазуучунун 85 жылдык мааракесине карата өткөрүлөт. Ошондой эле кабыл алынган декларацияда мүчөлөр “Түрксой” уюмунун 20 жылдагы жетишкендиктерин баса белгилешкен. Эске сала кетсек, 16-августта Азербайжандын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммити болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: