super.kg logo

Володимир Зеленский "Слуга народа" сериалынын орусиялык телеканалдан алынышын катачылык деп эсептейт

 

Украинанын президенти Володимир Зеленский "Слуга народа" сериалын орусиялык телеканалдан алынышын катачылык катары баалады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

"Бул окуя мени аябай таң калтырды. Эки сериясын эфирден көрсөтүшкөндөн кийин алып коюшту. Менимче, бул бийликтин же телеканалдын чоң маалыматтык катачылыгы", - деген ал.

Украиналык лидер сериалдын уландысын көрүүнү каалагандар үчүн ютуб каналынан видеохостингди колдонсо болорун баса белгиледи. "Слуга народа" сериалы 9-декабрда Парижде өткөн "Норманд төрттүгү" саммитинде Владимир Путин менен Володимир Зеленский жолуккандан кийин, тагыраагы,11-декабрда кечинде ТНТ каналынын өкүлдөрү сериалды экрандан алып койгон.

Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин бул "Слуга народа" сериалын көрбөгөнүн жана ага убактысы дагы жок экенин билдирген.

"Слуга народа" сериалын "95-й квартал" студиясы тарткан. Негизги каарман - мектепте тарых сабагынан берген мугалим кийин өлкө президенти болот. Сериалда Зеленский түзгөн саясий партия жөнүндө айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.12.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Зеленский россияга каттуу талап коюптур го актердук чеберчилигинди остуруп кино тартып эле журо бербейт белен бизде да бир гитарист мамелкетти карызга батырып кеткен артистер тойгоздунар силер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: