"Активисттер АКШнын мамлекеттик катчысына, Конгресс өкүлдөрү менен Дүйнөлүк банктын жетекчилигинин атына кат жолдошту. Чогулгандар АКШнын санкциясына илинген ири кытай компанияларынын Казакстан шаарларында видеокөзөмөл системдерин орнотуп жатканына да каршы пикирлерин билдиришкен.
Тышкы иштер министрибиз АКШга мамлекеттик катчы менен жолугушуу үчүн кетти. Биз Майк Помпеонун үнүбүздү эшиткенин, ушул маселелерди Мухтар Тлеуберди менен талкуулашын, укугубуздун эмнеге бузулуп жатканын сурашын каалайбыз. Тлеуберди буга чейин Шинжаңдагы лагерлерде казактар жок деген. Биз буга нааразыбыз. Бул маселе жабык бойдон калууда", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, акция бүткөндөн бир саат өткөндөн кийин бир нече активист полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Супер-Инфо
super.kg видео

Кечээ, 12-декабрда Казакстандын Нур-Султан шаарында алты активист АКШ элчилигинин алдында акция өткөрдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты. Алар Вашингтонду “Кытайда кысымга учураган казактардын маселесине көз жумуп отурган” казак бийлигине санкция киргизүүгө чакырды.















