Шашылыш билдирүү! 15-декабрга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
13-декабрдан 15-декабрга чейин өлкөнүн аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-декабрда Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
14-декабрда жана 15-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышуусу мүмкүн. 15-декабрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
