super.kg logo

"Форбс" журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдардын атын атады

 

"Форбс" басылмасынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдар аталды. Рейтингге 100 айымдын ысымы кирген. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Анда көрүнүктүү айымдардын сап башында Германиянын канцлери Ангела Меркель турган. Ал 2011-жылдан бери бул версиянын сап башынан орун алып келе жатат. Меркель 65 жашта, ал Германия канцлерин 2005-жылдан бери ээлеп келет. Бирок ал 2021-жылы боло турган шайлоодо катышпай тургандыгын айткан. Ангела Меркель

Экинчи орунду Эл аралык валюталык фондунун экс-башчысы, учурдагы Европанын борбордук банкынын төрайымы Кристин Лагард ээлеген.

 Кристин Лагард

Ал эми үчүнчү орунда АКШ конгрессинин өкүлү, демократ Нэнси Пелоси турган.

 Нэнси Пелоси Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен 4-орунда жайгашкан.

Урсула фон дер Ляйен

Ал эми 100-орунга 16 жаштагы швециялык экоактивист "Time" журналынын 2019-жылдагы версиясы боюнча "Жыл адамы" наамына татыган Грета Тунберг жайгашкан.

Грета Тунберг






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.12.2019. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Борбордук банкынын торагасы эмес торайымы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: