Түркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи болду







2019-жылдын 12-декабрында Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов паркында улуу жазуучунун эстелигинин расмий ачылыш аземи болуп ѳттү.
Иш-чарага Түркия президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиорен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, Анкарадагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчилер, Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган Кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышындагы иш-чарага активдүү катышкан бардык конокторго, жазуучунун күйөрмандарына, Кечиорен муниципалитетинин мэрине жана скульпторлорго терең ыраазычылыгын айтып ѳттү.
Иш-чаранын алкагында Түркиянын аймагындагы кыргыз диаспорасынын ичиндеги кыргыз таланттарынын катышуусу менен күүлѳр жана ырлар жаӊырды.




1 |