Министрлик: "Мектептерде, бала бакчаларда балдардын жыштыгы вирустуу гепатиттин өрчүшүнө алып келиши мүмкүн"

Кыргыз өлкөсүндө вирустуу гепатит боюнча эпидемиологиялык абал стабилдүү. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ага ылайык, акыркы 11 айда вирустуу гепатит боюнча 8 миң 605 учур катталган. Бул көрсөткүч башка жылдарга салыштырмалуу оорунун 2,3 пайызга төмөндөгөнүнөн кабар бергендиги айтылды.
"Вирустук гепатиттин туруктуу төмөндөшү байкалууда. Бул илдеттин булагы, албетте, оорулуу адам. Вирустуу гепатит илдетине чоңдор жана балдар көбүнчө күз-кыш мезгилдеринде кабылышат. Буга ичүүчү таза суунун жетишсиздиги себеп болууда. Мектеп окуучуларынын тазалыкты сакташына шарттардын жетишсиздиги ооруга чалдыгуу себептеринин бири. Бала бакчаларда деле ушундай кырдаал көйгөй жаратып келет. Ошондой билим берүү мекемелеринде окуучулардын жана тарбиялануучулардын жыштыгы дагы вирустуу гепатиттин өрчүшүнүн себептеринин бири.
Мындан тышкары, базарларда, тамактануучу жайларда жана сулуулук салондорунда жана башка коомдук жайларда туруктуу санитардык абалды сактоого мүмкүн болбой жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, биз сулуулук салондорун жеке медициналык клиникаларды текшере албайбыз. Анткени аларды текшерүүгө мораторий жарыяланган. Балким ушул себептен алар тийиштүү деңгээлде текшерилбей жаткандыктан, гепатит жуктуруп алуу учурлары катталууда", - деди ал.
Мындан тышкары, А вирустук гепатити оорусуна чалдыккандардын ичинен 88,8 пайызы (7 миң 179 учур) 14 жашка чейинки балдар экендиги белгиленди.



1 |