super.kg logo

Жаңы кодуңуз менен! Мобилдик түйүндүн жаңы – «504» коду ишке киргизилди

 

О! Мобилдик оператору жаңы «504» префиксин ишке киргизип жатат.

Жаңы префиксти ишке киргизүү үчүн жабдуулардын бардык ырастоолору аяктады. Муну менен кошо «Менин жаңы номерим» кызматын эркин көрсөтүү үчүн номерлердин ири базасы даярдалып бүттү, анын жардамы менен абоненттер сандардын каалаган комбинациясынан номерди тандап жана сатып ала алышат.

– Биз О! Мобилдик операторунун түйүнүнө «Кош келиңиздер!» демекчибиз, – деди компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко. – Оператор былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл түйүндүн сыйымдуулугун 2 эсеге көбөйттү, анын аркасы менен жалпы республика боюнча калкты 96 пайызга чейин 4G LTE стандартындагы жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтуу мүмкүн болду. Жаңы номердик сыйымдуулукту киргизүү дагы О! түйүнүнүн абоненттик базасынын өсүшү менен шартталган.

О! түйүнүндөгү жаңы номер – бул тандоонун көбүрөөк эркиндиги, баары үчүн ыңгайлуу жана жөнөкөй тарифтер, бул жогорку ылдамдыктагы чексиз интернет менен пайдалуу колдонуу, 150дөн ашуун ТВ-каналын көрүү, ошондой эле популярдуу «Переходи на О!» тарифтери менен бардык мобилдик номерлерге чалуу.

Бүгүн О! Мобилдик оператору мобилдик байланыштын төмөнкү коддоруна ээ: (500, 501, 502, 504, 505, 507, 508, 509) жана (700, 701, 702, 703, 704, 705, 706, 707, 708, 709).

О! Мобилдик операторунун жаңы – «504» коду менен жеңил кадам ташта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
13.12.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мобилдик операторлордун коддору башты деле айлантмай болду
14.12.2019. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу 3 эле сан менен башталган номер бут кыргызстанга жетиштуу мисалы 0500 ## ## ##
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: