super.kg logo

Дима Билан "Евровидение" сынагынын концертине катышуудан баш тартты

 

Дима Билан "Евровидение" сынагынын концерттик программасына саналуу күндөр калганда, уюштуруучулар менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, катышуудан баш тартты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дима Билан "Евровидение" сынагынын концерттик программасына катышуудан баш тарткандыгынын эки себебин атаган. Биринчиден, Орусиянын атынан чыгып жаткан жалгыз өкүл болбогондугу, экинчиден афишада анын ысымы Сергей Лазаревдикине салыштырмалуу майда тамгалар менен жазылгандыгы менен түшүндүргөн.

Буга чейин Сергей Лазарев менен Дима Биландын ортосунда атаандаштык жана пикир келишпестик болуп келгендиги белгилүү. Дима Билан 2006-жылы аталган сынакка "Never Let You Go" аталышындагы чыгармасын аткарып, 2-орунга ээ болсо, 2008-жылы "Believe" композициясын аткарып, 1-орунду жеңип алган. Ал эми Сергей Лазарев бул сынакка эки ирет катышып, 3-орунду ээлеген.

Ушул жылдын 15-декабрында Амстердамда "Евровидение" сынагынын күйөрмандары үчүн уюштурулган концерттик программа болот. Бул иш-чарага дүйнөгө атактуу ырчылар тактап айтканда, аталган дүйнөлүк деңгээлдеги сынактын жеңүүчүлөрү жана татыктуу катышуучулары чакырылган. Алардын арасында Лорин, Дана International, Нета Барзилай, Сергей Лазарев жана башкалар бар. "Евровидение-2019" сынагынын жеңүүчүсү болуп нидерландылык Дункан Лоуренс табылган.

Орусиялык ырчы Ольга Бузова аталган сынакка Орусиянын атынан чыгуу тилегин билдирген. Бирок Орусиянын Биринчи каналы анын идеясын акылга сыйбас деп баалашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: