Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочу суракка чакыртылды



Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочу Замир Жоошев Аскердик прокуратурага суракка чакыртылды. Чакыруу бүгүн келгенин жактоочу маалымдап, бирок чакырууда бир нече ката кеткендигин белгилеген.
"Жашоомдо биринчи жолу суракка чакыртылып жатам. Чакырууга карата менин эскертүүлөрүм:
1. Мен суракка ким болуп барышым керектиги көрсөтүлгөн эмес;
2. Кайсы тергөөчүгө барышым керек, бул да так көрсөтүлгөн эмес;
3. Чакырууда менин жактоочу менен бара турган укугум белгиленген эмес;
4. Барбай койсом кесепети эмне болот? Бул да белгисиз;
5. Мен бара албай калсам, анын себебин айтып коюу үчүн тергөөчүнүн байланыш номери же электрондук почтасы жазылган эмес;
6. Кайсы маселе боюнча чакырып жатышканы да жазылган эмес.
Өзгөчө акыркы суроо маанилүү. Мындан тышкары, профессионалдык сырларды алып жүргөн жактоочу өзү коргоп жаткан адамдын иши боюнча суракка алынбашы керек. Жогоруда мен белгилеген каталарды эске алуу менен жана ИИМдин Тергөө башкармалыгында пландалган тергөө иштери бар болгондуктан, бул суракка барбайм", - деп жазган Жоошев.








1 |