"Чакыр атаңды, кел де". Интернетте баласын сабаган келиндин аты-жөнү такталды
Интернет тармактарына "Күйөөсүнө өчөшүп, аял балдарын сабап жатат" деген видео тарады. Видеодон баланы аял тилдеп, кулагынан тартып, кайра түртүп, уруп жатканы көрүнөт. Баланы сабап жаткан аялдын сөздөрүнө караганда, ал баланы күйөөсүнө өчөшүп сабаган. "Атаңа айт, апам сабап жатат де. Чакыр атаңды, кел де. Мен да таштап кетем сени", - деп тилдеп урган. Бул ортодо бала аялды "апа" деп атап ыйлап жатканы тартылган видеого.
Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Азыркы учурда биздин кызматкерлер менен ички иштер органдарынын кызматкерлери бул окуя боюнча иштеп жатышат. Келин Өзгөн районунун тургуну. Жашы 30да. Ал ушул жылдын 8-ноябрында Орусия өлкөсүнө кеткен. Учурда ал маалымат дагы такталып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, келиндин коңшулары да таанышкан. Дагы маалымат берилет", - деди басма сөз кызматынан.



1 |