Өлкө боюнча жылына 6000дей адам эмдөөдөн баш тарта турганы айтылды
Бүгүн, 13-декабрда Бишкекте вирустуу гепатит оорусу жана аны алдын алуу иш-чаралары тууралуу маалымат жыйын өттү. Ага Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева, Республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жана башкалар катышты.
Жыйында эмдөөдөн баш тарткан жарандар көбөйүп жатканы тууралуу айтылды. "Бул нерсе коомго туура эмес маалымат жетип жаткандыктан болуп жатат. Төрөт үйлөрүнөн баштап эле эмдөөдөн баш тарткандар катталууда. Жылына 6000 адам эмдөөдөн баш тартса, алардын ичинен 3000-4000ге жакыны 1 жашка чейинки балдарга алардын ата-энелери баш тартып жаткандыктан, эмдөө жасалбай калып жатат. Алардын көбү диний көз караштагы жарандар", - деп белгиленди маалымат жыйынында.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Акыркы кезде эмдөөдөн кийин майыптыкка учураган фактылар кездешип жатат. Мындай фактылардын айынан бир гана диний көз караштагы жарандар эмес, балдарынын коопсуздугунан чочулаган ата-энелер дагы баш тартууда. Мындай учурда дарыгерлер: "эмдөө майыптыкка алып келбейт" деген оозеки жоопту айтып келишет. Ушул жагдайларды ата-энелерге кантип түшүндүрсө болот?" - деген суроо салды.
"Бүгүнкү күндө 6000 адамдын 68 пайызы диний көз караштардан улам баш тартып жатса, анын ичинен 20 пайыздан ашыгы коопсуздугун ойлоп, эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер кездешүүдө. Ал эми айрымдарына расмий маалымат жетпей жатат. Эмдөө боюнча көзөмөл бар. Медициналык кызматкерлер бир күндө 50гө жакын балдарга эмдөө жасайт. Бирок эмдөөгө чейин баланы даярдоо процесси жүрөт. Ал бала планга түшөт, ата-энесине эки-үч күн мурун билдирилет. Мындан тышкары, биз эмдөө баракчасынын сертификатын чыгардык. Ошонун ичинде дагы бардык маалыматтарды топтогонбуз. Эмдөө боюнча күмөн саноолор болот. Бирок бул көзөмөлгө алынат. Баланын ар бир реакциясы каралат, эгер баланын дене табы үч күнгө чейин түшпөй койсо дагы көзөмөлгө алабыз. Ар бир саламаттыкты сактоо мекемелеринде комиссиялык топ иштейт. Анын ичинде иммунолог, невропатолог бар, ага баланы эмдеген медайым жана эпидемиолог кирет. Алар ар бир учур боюнча иликтөө жүргүзүп, бир чечимге келет. Азыр бизде республикалык статистика боюнча, эмдөөдөн кийин бала ооруп калды деген учур катталган эмес. Эгер эмдөө алып жаткан баланын кандайдыр бир ооруга жакындыгы болсо, ага неврологиялык статус берилет. Башкача айтканда, аларга убактылуу медотвод берилет. Анын баары көзөмөлдө. Биз азыр медицина кызматкерлери менен иштеп, чоң жумуш жасап жатабыз. Ата-энелерге туура маалымат берүү, жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында, 1000 медициналык кызматкерди окуудан өткөрдүк", - деди Гүлбара Ишенапысова.






1 |