Пеп Гвардиола "Манчестер Сити" футболчуларына майрамдык кечеге баруусуна тыюу салды

"Манчестер Сити" футболчуларына Рождество майрамына карата уюштурулган кечеге баруусуна клубдун башкы машыктыруучусу Пеп Гвардиола тыюу салды.
Машыктыруучунун пикиринде, майрамдык кече футболчулар үчүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени алдыда олуттуу оюндар бар. Мурунку жылы футболчулар кечеге катышкан, бирок андан кийин эки оюн катары менен утулуп калышкан.
"Манчестер Сити" Чемпиондор Лигасында "Динамону" Загребде утуп келип, бүгүнкү күнү кайра машыгууга чыгышкан.
"Сити" Премьер-Лигада "Ливерпулдан" 14 упай калып, жадыбалда 3-орунда келе жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
murat17

14.12.2019. 00:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кылыптыр
KAYRATBEK

14.12.2019. 04:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Пеп жазда азыраак мактанганда мындай коп упай артта калмак эмес. Лига чемпионовду женген оной эле а Английский премьер лиганы женуу кыйын деп, Ливерпульду тенине албай Ливерпульга ич куйдуулук кылган эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.