Төшүн кармап баратат деген чуулуу сүрөт. Жол кыймылынын мониторинг бөлүмүнүн бир кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборунун эки кызматкери жумуштан алынган. Алардын бири А.А. аттуу кызматкер Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мониторинг борборунун ички жана сырткы видеокөзөмөлүнөн алынган тасмага кароо жүргүзүү учурунда А.А. номер боюнча маалыматты өзүнүн кызматтык компьютерине көчүрүп алган. Андан соң WhatsApp аркылуу башка адамдарга жөнөткөндүгү аныкталган. Ал 13-декабрь күнү А.А. Жазык кодексинин 304-беренеси "компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк" каралган кылмыш белгилерин жасагандыгы үчүн шектелип убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 304-беренеси "компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк" боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууга алынган. Бул боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

Кылмышты айтып чыкты. Окмот айткыла дейт айтса карап отурат камагандарды кой дей албай