Сак болгула! Токтогул районундагы Арал стационардык постунда жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди




Аба-ырайынын кескин түрдө өзгөрүлгөндүгүнө жана ошондой эле Ала-Бел ашуусунда кардын тынбай жаагандыгына байланыштуу, Токтогул районундагы "Арал " стационардык постунда 13-декабрь күнү саат 17:00дөн тартып, жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Ошондой эле ар бир айдоочуга кызматкерлер кышкы мезгилге ылайык, автоунаасынын дөңгөлөктөрүн алмаштырып чыгууну сунуштайт.
Бүгүнкү күндө Токтогул райондук жол кыймылынын кызматкерлери аталган аймактагы жаралган жол тыгындарын жөнгө салышып, жол тыгынын жараткан кээ бир оор жүк ташуучу унааларды атайын техникалар менен чыгарышты.
Учурда №23 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте жолдорду тазалоо иштерин улантууда.
