Кесиптик окутуудан өткөн 2 миңден ашык жумушсуз жаран ишке орноштурулду
Кесиптик окутуудан өткөн 2 миңден ашык жумушсуз жаран ишке орноштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
2019-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3% (2018-жылы- 2,8% түзгөн) болгон. Республиканын шаарларынын жана облустарынын арасында расмий жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли - Бишкек шаарында жана Чүй облусунда (жумушчу күчтүн санынан 1,2%). Расмий жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда (7,3%) белгиленген.
"2019-жылдын 1-ноябрына карата иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо тургандардын саны 102 миң жумушсуз адамды түзгөн, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 миң адамга же 12% көп. Анын ичинен 48,0 миң адам же 46,6% аялдар түзөт. Ошону менен бирге расмий түрдө жумушсуз макамын алгандар 83,3 миң адам, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 18,9% көп.
2019-жылдын 10 айында калкты жумуш менен камсыздоо органдарына 139 миң адам кайрылган, бул 2018-жылга салыштырмалуу 2% көп (136 миң адам). Алардын ичинде 60% (84 миң адам) эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу мыйзамдары маселелери боюнча кеңеш алышкан.
2019-жылдын 1-ноябрына карата каттоодон 41 миң жумушсуз жаран чыгарылган, анын ичинде 18 миң жумушсуз же 46,1% - жумуш берүүчүлөрдүн бош орундарына кабыл алынган жарандар. Кесиптик окутуудан өткөн соң 2658 жумушсуз жаран ишке орноштурулду", - деп айтылат маалыматта.











1 |