super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер Жеңиш Разаков Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун башкы максаты 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы жана Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылынын бир катар маанилүү иш-чараларын биргелешип өткөрүүгө кыргыз диаспоралык бирикмелеринин катышуусун талкуулоо болду.

Жеңиш Разаков чогулгандарга бул иш-чараларды өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди. Анда кыргыз диаспораларынын дарамети кеңири колдонулмакчы.

Жолугушууда белгиленгендей, мындан тышкары Бишкек жана Ош шаарларында Миграцияга чейинки даярдоо борборлорунун ачылышы, Орусияда Кыргыз мамлекетинин Эгемендүүлүк күнүн кеңири белгилөө, ар кыл маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү киргизилген.

Жеңиш Разаков жолугушуунун катышуучуларын өлкөдөгү ички саясий кырдаал, Орусиянын аймагында иштеп жаткан эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу үчүн өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп өттү, бардык кызыктырган суроолорго жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Диаспора мүчөлөрү тарабынан "Жүк-200"дү тариздөө үчүн компенсация берүү процедураларын оптималдаштыруу, темир жол унааларына бааны арзандатууга көмөк көрсөтүү, Москва жана Сочи шаарларында Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүгүн ачуу, Кыргыз Республикасында ипотекалык кредиттөө программаларына мигранттардын мүмкүндүк алуусун жеңилдетүү боюнча каалоолору айтылып, алар кароо жана изилдөө үчүн кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: