super.kg logo

Германиянын жашоочусу үйүн 350 балаты менен кооздоду

 

Германиянын жашоочусу Томас Йеромин 100 чарчы метр үйүн 350 жаңы жылдык балаты менен кооздогон. Ал дүйнөлүк рекорд коюуну пландап турган чагы. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Жаңы жылдык балаты менен үйүн кооздоону ал мындан 8 жыл мурун эле баштаган. Ал жаңы жылдык балатыны майрам бүткөн соң эл катары алып салбастан, жыл бою калтырууну жана ага дагы кошуп турууну адатка айлантып алган. Жыл сайын балатынын санын көбөйтүп отуруп, учурда алардын саны 350гө жеткен. Анын мындай өзгөчө кызыгуусу аялына алгач жаккан эмес. Бул маселе тууралуу экөө көп талашып-тартышкан. Бирок аялынын ага көнбөскө аргасы калган эмес. Акырындык менен аялы да бул идеяга кызыгып, өзү да балатылардын санын көбөйтүүгө жардам бере баштаган.

Томас Йероминдин өзгөчө коллекциясы 20-25 миң евро турат. Мынчалык көлөмдөгү балатылардын коллекциясы дүйнө жүзү боюнча бир гана ага тиешелүү. Бирок ал ушуну менен эле токтоп калууну каалабайт. Өз коллекциясына дагы 150 балаты кошууну пландап жаткан учуру.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
16.12.2019. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башка проблемасы жок го.
16.12.2019. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ошого кеткен акчасына саякат кылса болмок.
16.12.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жиндиликтин деле чеги болот да:(
16.12.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Орус оюндагысын кылат.
16.12.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кичине жетишпейтко
16.12.2019. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жиндиге чыгарсак жамандасак шылдындасак болду бизге, алар ишенет оздорун майрамын майрамдап жатат.О э оздорун майрамдык маанайын которуп! Биздиделе той топур майрамдарда малдарды топтоп соебузго!
17.12.2019. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan18.18,биз дагы мал союп, рекордго кирсек болчудай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: