super.kg logo

Бишкекте автобус, троллейбус катышкан жол кырсыгында жабыркагандарга мэрия компенсация төлөп берет

 

Бишкекте 14-декабрда автобус, троллейбус жана эки автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирген.

Маалыматка ылайык, кырсык Гагарин жана Термичиков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анын кесепетинен 8 киши жабыркаганы айтылган.

“Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа менен троллейбус жөө адамдарды өткөрүп токтоп турган. Ошол маалда №6 автобус троллейбусту сүзүп, ал автобуска Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа келип урунган. Кырсыктан жабыркагандар №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочуларга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча бир жүргүнчүнүн абалы оор”, - деп айтылган маалыматта.

15-декабрда Шаардык мэрия коомдук унаадагы жүргүнчүлөр камсыздандырылганын белгилеген.

“Кырсык орун алгандан кийин вице-мэр Азиз Алымкулов транспорттук кызматтын жетекчилиги менен ыкчам жыйын өткөргөн. Жыйында кырсыкта жабыркагандарга компенсация төлөп берүү маселеси көтөрүлгөн. Учурда Камсыздандыруу компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Кырсыктан жабыркагандар тийиштүү документтерди көргөзгөндөн кийин Камсыздандыруу компаниясы компенсацияларды төлөп баштайт”, - дешти мэриядан.

Маалым болгондой, муниципалдык унаалардагы жүргүнчүлөрдүн отургучтары жыл сайын камсыздандырылып турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.12.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жол тайгак болуп жатат го абайлаш керек болчу
16.12.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык каш кабактын ортосунда. жабыркагандарга Жараткан саламттык берсин.
16.12.2019. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык бул, бирок жанталашып айдаганды токтотушса болот эле кыш мезгилинде жок дегенде. Ортодо куноосуз жургунчулор гана жабыркап калып жатат. Омуруно зыян келсе аны ким калыбына келтирет? Коомдук транспортторду опкону жана тормозду басып айдагыла айдоочулар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: