super.kg logo

ЖМКлар үчүн "Келечектин шаары" аталышындагы мыкты макалага сынак жарыяланат

 

"Elite House" курулуш компаниясы ЖМКлар үчүн "Келечектин шаары" аталышындагы мыкты макалага сынак жарыялайт. Ага журналисттер, эксперттер, блогерлер жана көз карандысыз авторлор катыша алат.

Сынакты жарыялоонун максаты архитектура, курулуш жана шаар чөйрөсү маселелерине коомчулук менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бурдуруу болуп саналат.

Сынакка көрсөтүлгөн макалалардын темасы төмөндөгүдөй болушу шарт:

  • Бишкектин архитектуралык көрүнүшү. Тарыхый баалуу имараттар, алардын азыркы абалы жана келечеги.
  • Кыргыз өлкөсүндөгү урбанистика.
  • Курулуштагы мыйзам нормалары. Алар азыркы шартка жооп береби?
  • Келечектин архитектуралык долбоорлору.

Сынактын шарттары

Сунушталган темалардын биринде кыргыз же орус тилинде макаланы ЖМКда жарыялоо керек. Кийин аны pr@elitehouse.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл. Катты жөнөтүүдө "Келечектин шаары" деп белгилеп, катышуучунун толук аты-жөнү, басылманын аталышы, байланышуу жолу, макала жарыяланган сайттын жана социалдык тармактын шилтемеси кошо көрсөтүлүшү шарт.

Ошондой эле автор макаласын социалдык тармакка #timurfaiziev, #elitehouse жана #келечектиншаары деген хэштегдер менен бөлүшүүсү керек болот. Макаланы баалоо учурунда лайктар жана репосттордун саны башкы көрсөткүч болуп эсептелбейт, бирок жыйынтыкты чыгарууда кошумча фактор болот.

Билдирмени тапшыруу менен автор басылманын редакциясы жана тең автор болгон адамдын макулдугун кошо тастыктайт.

Катышуучу сынак үчүн эң көп 3 макала жөнөтө алат.

Кошумча маалымат үчүн pr@elitehouse.kg электрондук дарегине кайрылууга болот.

Байге фонду:

1-орун үчүн 100 миң сом;
2-орун үчүн 60 миң сом;
3-орун үчүн 30 миң сом.

Макалалар 2020-жылдын 1-март күнү Бишкек убактысы боюнча саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Сынактын жыйынтыгы 2020-жылдын 31-мартына чейин чыгарылып жарыяланат. Сыйлоо аземи өтө турган жай жана убактысы "Elite House" компаниясынын сайтында жана социалдык тармактагы расмий баракчаларында жарыяланат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.12.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапарга айтсанар жакшы проектери бар бир жыгач атты 14 000 еврого, кычкачты 630 долларга алган сыяктуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: