super.kg logo

"Унааны талкаладың деп кайын журтум сотко берген" деген келин акыйкат чечим күтөрүн билдирди

 

Бүгүн, 16-декабрда "SUPER-MEDIA" маалымат борборунда "жолдошум кызуу абалында мага кол көтөрүп, башымды жарды" деген аял Асел Темкеева маалымат жыйын берди.

Ал өз сөзүн "мен бул жерге келгенимдеги көйгөйүм төмөнкүчө" деп баштады. Айтымында, Асел Темкеева менен кайын журту 2 жылдан бери соттошуп жатышат. Темкеева жолдошум экөөбүз алган унааны мени талкалап салды дешип сотко беришкен деп билдирди.

"Жолдошум экөөбүз бирге жашаганыбызга 7 жыл болду. Бул жыл аралыгында эки балалуу болдук. Экөөбүз башында жакшы эле жашап, акыркы жылдары көп урушуп баштадык. Ичип алып колун көп көтөрө турган болду. Ошол күндөрдүн биринде 2018-жылы 13-майда мен кадимкидей эле жумуштан баламды алып үйгө келсем, кызуу экен.

Экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүк болуп, мени сабап, башымды жарды. Алардын баарын уулубуз көрүп, ыйлап бакырып, балам болушуп кирди. Баламды көрүп ал дагы токтоп калгандай болду. Башымды жарып, унаасын айдап алып кетип калды. Ал учурда кайын энем үйдө болчу. Ошол эле күнү байкем келип мени ооруканага алып кетти. Сыртка чыгып унааны карасам, унаанын айнеги сынык экен. Жолдо бара жатып сындырганбы, эмне болгонун билбейм", - дейт ал.

Ал эртең бул боюнча соттук отурум өтө турганын белгилеп, сот бардык жагдайларды карап чыгып, туура чечим чыгарса деген тилегин айтты.

Ал эми экинчи тараптын жообун билүү үчүн Асел Темкееванын жолдошу Алмаз Тентимишевке байланышканыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду.

"Ага көп ишенбегиле, анча мынча сөздөрдү оюнан чыгарып жиберет. Ал биринчи өзү кол көтөрөт, качан гана ал кол көтөргөндө гана мен кол көтөрөм", - дейт Алмаз Тентимишев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
16.12.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Бизде акыйкат сот жок. Бизде баары Сокенин саясий буйругун аткарган соттор. Соттордо, Сокеде эч кандай калыстык жок. Соке кетсин. Сокенин бийлиги ушундай наадан митайым болду, куноолу кучтуу болсо, бейкуноо адамды куноолу деп салып жатышат. Эл нааразы мындай бийлике.
Kairat1996 түзөттү 2019-12-16 13:00:15
16.12.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Kairat1996, Башындагы көрүнбөгөн жарасын реклама кылыптыр го укмуш.
16.12.2019. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kairat1996,шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт. Уруш эч качан бир тараптуу болбойт.Мындай корунуш ар бир уй булодо кезигет. Жакшысын чыгарып, жаманын жашырганда уй було бузулбайт. Мурун интернет жок, НПОлор жок кезде ата-энелер деле урушчу, камчы менен сабаган, бирок ажырашуу аз болгон.Адамдын денгээли, дуйно таанымы, турмушка коз караынан коп нерсе коз каранды. Айрыкча эркекке деле кыйын, бир тарапта торогон эне,экинчи тарапта балдарынды торогон эне.
16.12.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Absamat-90,атабыз камчы менен сабаган деп сабап журо бергиле анда. Алсыз эркек гана аялына кол которот.
Модератор admin_media түзөттү 2019-12-16 14:59:57
16.12.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эки жакты тен карап коруш керен тыйындын эки бети болот. Аял кишиден дагы кетет кээ бирде. Айымдар тилди тартпаса болбойт бирок эч качан аял кишиге кол которбош керек.
16.12.2019. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мыйзам судьяларды дайындаган адамдарды коргоп калыптыр. Азыр биринчи мыйзамды эмес, судьянын ким экенин карагыла. Сооронбай менен Раимге коз каранды судьялардан акыйкат кутпогуло.
16.12.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mirlan27011987,Эгер билсен азыркы соттордун 99 пайызын Атамбаев шайлаган, тандаган. Арызынар болсо АШАга барып айткыла!
16.12.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Не болсо да аял кишиге кол көтөрбөш керек
16.12.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул келин кайн журту менен соттошсо эмне ажырашып кеткен бекен?
16.12.2019. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jaznura,ажырашып жатыптыр, ал ажырашуу маселеси бир кундо чечилбейт тура
16.12.2019. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jaznura,башын жарып, козун кок ала кылган аздык бекен, кенедей эмес эле килтейип турбайбы байкуштун башын жарган.
16.12.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кем акылдар кобойду,машинамды талкалады деп сотко берген ббка эле кийип ал да,эркекмин деп басып журбой.
16.12.2019. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
УФФ эмне дешимди да билбейм! Болгогон проблемма үй-бүлөөлүк проблемманы деле пресс-конверенсияга чыгып айтып элдин кыжырына тийип. Айдай чырай акыл эс, ден-соолук балдарын аман болгондон кийин шүгүр кылып эле жашагылачы.... Башкалар бар сенден көйгөйү көп 6-7 баласы менен ээри таштап үйжок көрүстөндө жашагандар ошолорго жардам бериш керек... Сендеййлер өз кылганына өздөрү жооп берип алышат...
16.12.2019. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эри аялынан 15мин ондуром деп сотко бергени уят эле
16.12.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосу ал биринчи озу кол которот дейби тообо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: