Эл аралык "Манас" аэропортунун аймагын коюу туман каптап, каттамдар өз убактысында учпай калууда
Бүгүн, 16-декабрда Эл аралык "Манас" аэропортунун аймагын коюу туман каптады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.
"Аймакка түшкөн туман коюу болгондуктан, 50 метр аралык гана көрүнүүдө. Буга байланыштуу каттамдардын өз убактысында учуусу кармалып жатат. Киргизилген убактылуу чектөөлөр үчүн кечирим сурайбыз. Аэропорттун бардык жүргүнчүлөрү жана конокторуна түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз. Коопсуздук баарынан кымбат", - деп айтылат маалыматта.
Каттамдар тууралуу маалыматты 0 (312) 69 31 09 телефон номери аркылуу тактап алууга болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.