Жаңы жылдан кийин удаасынан 7 күн эс алуу болот. 3 иш күнү кайсы учурга жылдырылды? (календарь)

2020-жылдагы эс алуу күндөрүн жылдыруу тууралуу токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Токтомго ылайык, Жаңы жыл майрамынан кийин 7 күн, май айындагы майрамдарды белгилөө үчүн 5 күн эс алуу күндөрү болот. Бул беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине каралган.
Жаңы жыл майрамынан кийинки эс алуу күндөрдүн тартиби:
1-январь - Жаңы жыл;
23-февраль жекшемби күнгө туш келгендиктен, 24-февраль дүйшөмбү эс алуу күнү болмок. Ошол эс алуу күнү 2-январга жылдырылды;
8-март Аялдардын эл аралык майрамы жекшемби күнгө туш келгендиктен, дүйшөмбү 9-март эс алуу күнү болмок. Ал күн 3-январга жылдырылды;
4-5-январь - ишемби жана жекшемби;
21-март Нооруз майрамы ишемби күнгө туш келгендиктен, 23-март дүйшөмбү күнү эс алуу болмок. Ал күн 6-январга жылдырылды;
7-январь - Рождество күнү (Иса пайгамбардын туулган күнү).
Май айындагы эс алуу күндөрдүн тартиби:
1-май - Эмгекчилердин эл аралык күнү;
2-3-май - ишемби жана жекшемби;
4-май - 9-май Жеңиш күнү ишемби күнгө туш келгендиктен, 11-май эс алуу күнү болмок;
5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күн.
кошулду








1 |