super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө уран казууга тыюу салынды

 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө иштерине тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ага ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

“Мыйзамдын максаты калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган”, - деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасына геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга;

2) уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга);

3) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.

Кыргыз Республикасынын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалым болгондой, буга чейин Кызыл-Омпол тоосудагы уран-торианит чачылмаларын иштетүүгө берилген лицензиянын айынан коомчулукта нааразычылыктар пайда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.12.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындай жакшы жаңылык күнүгө болуп турса. Эми балким эл өтө оор оору менен оорубай калар.
16.12.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Президент бул тууралуу башында эле каршылыгын корсотуп,оз оюн айтты эле го.
16.12.2019. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АлМас дагы 2 жыл башкарып турганда элди УУлап өлтүрмөк экен кудай чон сактаган экен бизди
16.12.2019. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев мооноту бутуп калды болбосо жон эле акчаны алып туруп каалашынарча "Уран"каза бергиле деп кармата берет эле
17.12.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай жалгагыр,жакшы эле болгон тура.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: