Кыргызгидрометтин 2020-жылдын январь айындагы аба ырайына карата берген божомолу
Кыргызгидромет өлкө аймагындагы 2020-жылдын январь айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн болжолдоосун жарыялады.
Ага ылайык, январь айында көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 1..2 градуска жылуу болушу күтүлүүдө.
Чүй облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, -1°сууктан...+1°жылуулукка чейин, тоо этектериндеги райондордо жана Кемин өрөөнүндө -3…-5° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан -7…-12° суукка чейин, күндүз -2° суук +3°жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…-9° сууктан -10…-15° суукка чейин, күндүз -4° суук...+1° жылуудан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 25-28 миллиметр, тоо этектеринде 12-22 миллиметр).
Талас облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, -1…-3° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -8…-13° суукка чейин, күндүз -3° суук …+2° жылуулуктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (17-19 миллиметр).
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° жогору болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1° суук…+4° жылуулуктан, -2…-7° суукка чейин, күндүз -1° суук…+4° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4° суук…+1° жылуулуктан -5…-10° суукка чейин, күндүз -2° суук…+3° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 15-52 миллиметр, тоо этектериндеги райондордо 25-74 миллиметр)
Ысык-Көл облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1...-3° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -5...-7° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° суук, чыгыш тарабында -10…-15° суук, күндүз -1° сууктан…+4° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-9 миллиметр, чыгышында 14-21 миллиметр)
Нарын облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -12…-14°, Кочкор районунда -7...-9° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18° сууктан -20…-25° суукка чейин, күндүз -8…-13º сууктан -2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -15…-20° сууктан -23…-28° суукка чейин, күндүз -12...-17° сууктан -5...-10° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.

