super.kg logo

Садыр Жапаровду абактан бошотуу үчүн 500 миң кишинин колу топтолду

 

Саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу үчүн учурда 500 миң кишинин колу топтолду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.

Айтымында, алар Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган миллион кишинин колун топтоп, өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жиберүүнү максат кылышууда.

"Учурда Садыр Жапаровду абактан бошотуу үчүн топтолгон кол тамга 500 миңден ашты. Бул санды миллионго жеткирүүнү көздөп жатабыз. Топтолгон кол качан миллионго жете турганын айта албайм, буюрса жетет. Андан соң аны президентке өткөрүп бергени жатабыз", - деди Аспеков.

Буга чейин абактагы саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Маалыматты Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов ырастап, каттын президенттин дарегине жөнөтүлгөнүнө бир айдай болуп калганын билдирген.

2017-жылдын 20-сентябрь күнү Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров каза болгон. Садыр Жапаровго атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берүү боюнча жактоочусу, жакындары кайрылып, атүгүл Жогорку Кеңеште депутат Талант Мамытов да суранган. Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаров соттолгон беренеге (ред. барымтага алуу) таянып, кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт деген негизде жаназага катышууга уруксат берген эмес. Арадан эки күн өткөндөн кийин Садыр Жапаровдун атасынын сөөгү жерге берилген. 2019-жылдын 27-март күнү Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова кайтыш болгон. Бул сапар ага уруксат берилип, апасын жерге берүү зыйнатына катышкан. Ал эми 26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан улам каза болуп, уулунун акыркы сапарга узатуу зыйнатына Садыр Жапаровдун катышуусуна уруксат берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
16.12.2019. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Колду кайсы жерден топтоп жатышат барып кол койуп кетели.
16.12.2019. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Атамбаев ак жерден камап койду Садырды ошол учун АШАга бугун кудай жазасын берип жатат
16.12.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Момбеков Садырды эл душманы деген видеосун коруп жаман жиним келди
chake түзөттү 2019-12-16 16:02:41
17.12.2019. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chake,Момбеков тотукуш та бир иш корсотбой суйлогону эле бар
16.12.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал Атамбаевдин убагынан тарта эле «Кумтөр» темасын көтөрө баштаган. Болбосо, К. Бакиевдин доорунда өзү президенттин кеңешчиси (2007-2009-жылдары), коррупцияны алдын-алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары(2008-2009-жылдар) болгон. Дал ошол убактарда «Кумтөр» боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимге кол коюлган. Эгерде С. Жапаров чындап эле элдин байлыгына күйсө, анда ошондо эле кыйкырып чыгат болчу. Анткен эмес, себеби ага кызматы маанилүү болчу.
16.12.2019. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Absamat-90,туура айтасын
16.12.2019. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кол топтолсо деле анын күнөөсү далилденсе эч ким ага жардам берип кала албайт. Ал жерде миллион кол болсо да.
16.12.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
501 мин менида кошкула
17.12.2019. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elb_2121,сен озун минсинби?
16.12.2019. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эртеби кечби Садыр Жапаров баарыбир акталат Таарых оз баасын берет
16.12.2019. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
мен уй булом досторум танышарым баары кошулабыз , кайсы жактан коюш керек экен
16.12.2019. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
marat_1910,Кобунчо эл коп чогулган чогулуштарда болот экен. Биз Ошто садикте чогулуш болгондо келип койдуруп кетишкен эле.
16.12.2019. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ош Баткенге келгиле планды толтуруп беребиз
16.12.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садыр Жапаров миллиондорду жеген жок да...
16.12.2019. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкек шаарында кайсыл жерде дарегин айтып койгула менда кол коюуп берем
17.12.2019. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Садыр чыкса ясайтда ама, баарини ясайт четтен))
17.12.2019. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада, Молодёжная метродо кол топтоп журушкон... Бишкеке келсем деле кызуу аракетте журушуптур кол топтоо боюнча.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: