super.kg logo

«Бакай Банктын» Ислам Финансылык Борборунун өкүлдөрү бахрейндик инвесторлор менен жолугушту

 

«Бакай Банкка» биригүү процессиндеги «БТА Банктын» Ислам Финансылык Борборунун өкүлдөрү Бахрейнде өткөн Ислам Банкингинин Дүйнөлүк Конференциясына катышты. Инвесторлордун ИФБга инвестиция бөлүү ниеттери бар.

«БТА Банк» ЖАКынын «Ислам Финансылык Борбору» Департаментинин жетекчиси Талант Керимбаев жана ИФБнын Өнүктүрүү башкармалыгынын ислам продуктуларын иштеп чыгуу жана киргизүү бөлүмүнүн жетекчиси Айсулу Тынышева 2019-жылдын 2-4-декабрында Бахрейн Королдугунун Манама шаарында өткөн 26-Ислам Банкингинин Дүйнөлүк Конференциясына катышты.

Конференциянын жүрүшүндө «БТА Банктын» ислам терезесинин өкүлдөрү келечектеги инвесторлор менен жолугушуп, өз ара түшүнүшүү боюнча бир катар меморандумдарга кол коюшту, ошондой эле штаб-квартирасы Бахрейнде жайгашкан дүйнөдөгү ири исламдык банк топторунун бири Al Baraka Banking Group тарабынан ИФБны каржылоо боюнча алдын-ала келишимдерге жетишти.

«БТА Банк» 2020-жылдын январында «Бакай Банкка» биригип, бириккен банк «Бакай Банк» бренди менен иш алып барат. Эки банк тең ислам принциптери боюнча кыржылоо кызматтарын көрсөтүп келишет — «БТА Банктын» Ислам Финансылык борбору 2019-жылдын сентябрында, ал эми «Бакай Банктын» Ислам Финансылык Борбору 2018-жылдын июнь айында ачылган.

«БТА Банк» «Бакай Банкка» бириккенден кийин аймактарда ИФБнын кеңселери көбөйөт: Ош, Каракол, Токмок, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя шаарларындагы беш филиал ислам принциптери боюнча иш алып барышмакчы.

Call-центр: 6111 (мобилдик байланыш).
Бардык кеңселердин иш тартиби: тыныгуусуз саат 9:00 - 18:00гө чейин.
Телефон: 0312610061.
Сайт: www.ifcenter.kg.
E-mail: office@ifcenter.kg


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: