Хабаровск шаарындагы окуяга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин кеңешчи-өкүлүн чакырды
Бүгүн, 16-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин кеңешчи-өкүлүн чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда кыргыз тарап Хабаровск шаарында иштеген Кыргыз жарандарынын ОМОНдун зомбулугуна кабылуу фактысы болгонун белгиледи.
"Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ОМОН кызматкерлеринин мындай кыймыл-аракеттерине протестин билгизип, алар кызмат абалынан аша чаап кеткендигин белгиледи.
Мындан тышкары, кыргыз тарап Кыргыз жарандары кабылган окуяны тыкыр териштирип, күнөөлүүлөргө чара колдонулушун камсыздоого чакырды.
Өз кезегинде Кыргыз өлкөсүндөгү Орусия элчилигинин өкүлү бул факты боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатканын эскертти. Орусиялык дипломат бул окуя алардын жеке көзөмөлүндө болоруна ишендирип өттү”, - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги дагы Хабаровск шаарында болуп өткөн окуя тууралуу өз маалыматын берди.
“Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына кайрылды. Кыргыз өлкөсүнүн Хабровскидеги консулу Кадырбек Мырзабаев жабырлануучулар менен маектешип, алардан түшкөн арыздарды Хабаровск шаарынын күч органдарына тапшырды”, - дешти Элчиликтин басма сөз кызматынан.
Маалым болгондой, Орусиянын Хабаровск шаарында 12-декабрда ОМОН кызматкерлери 73 мигранттардын документтерине текшерүү жүргүзүп, аларды 3-4 саат бою ур-токмокко алган факты катталган.








1 |