Бишкектин люктары ачык калды. "Бир жылда 800 люк уурдалды" дейт мэриядан

2019-жылдын эсебинен 800 люк уурдалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Акыркы жылы Бишкекте 800 люк жана жаан өткөрүүчү темир торчолор уурдалды. Мурун жол четиндегилерди алып кетишсе, азыр жаңы конуштардан, борбордук көчөлөрдөн темир торчолорду уурдап жатышат. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы буга чейин укук коргоо органдарына бир нече ирет кайрылган. Азыркы күнгө чейин бир дагы люк табылып же кылмышка шектүүлөр кармалган эмес.
Боталиев көчөсүндө темир тор уурдалып, оозу ачылып калган люкка 2-класстын окуучусу түшүп кетип, жаракат алган. Күбө болгон тургун дароо милицияга арыз менен кайрылып, өзү да иликтөө иштерин жүргүзүп баштаган. Кошунасынын видеокамерасына түшүп калган видеодон ал такси кызматын көрсөткөн унаадан эки киши түшүп, торчону унаасына салып кеткендигин көргөн. Аталган окуя 12-ноябрда болгон. Ошондон бери жыйынтык чыга элек. Жоголгон люктун капкактары, темир торчолорду мындан ары мамлекеттин бюджеттен калыбына келтирүүгө туура келет. Сураныч, шаар тургундары, люктарды уурдабагыла! Жабырлануучулардын ордунда сиздер деле болуп калышыңыздар мүмкүн!", - деп жазылат билдирүүдө.










1 |