Клинтон, Меркель, Обама, Трамп... Дагы кимдер Сауд Арабияга барганда хиджаб кийүүдөн баш тартышкан? (фото)
Кыргыз өлкөсүнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Сауд Арабиядагы расмий сапарга хиджаб кийип барганы социалдык тармактарда талкууга түштү. Буга байланыштуу ушул сыяктуу окуяларды иргеп чыгып, аны сиздерге сунуштайбыз.
Хиллари Клинтон АКШнын Мамлекеттик катчысы болуп турган кезде 2010-жылы жана 2012-жылы Сауд Арабияга расмий сапар менен барганда, дресс-кодго ылайык кийинүүдөн баш тарткан.
Тереза Мэй Улуу Британиянын премьер-министри болуп турган учурда 2017-жылы Сауд Арабияга болгон расмий иш сапарында башына жоолук салбай барган.
Мэйдин сапарына удаа эле Германиянын канцлери Ангела Меркель Сауд Арабияга барган. Меркель эле эмес, расмий делегация менен кошо барган журналисттер да дресс-код талап кылган хиджабдан баш тартышкан.
Меркелдин сапарына чейин Германиянын коргоо министри болуп турган Урсула фон дер Ляйен 2016-жылы Сауд Арабияга барган иш сапарында хиджаб кийүүгө макул болгон эмес. "Аялдарды кайсы бир кийимди кийүүгө мажбурлоо мага жакпайт" деген ал.


Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко 2017-жылы Сауд Арабияга барган сапарында узун көйнөк да кийип, жоолук да салынган. Ал өз чечимин "бул - дипломатиялык маданият жана башка өлкөнүн салт-санаасын, диний өзгөчөлүгүн сыйлоо" деп түшүндүргөн.

Финансы министринин Сауд Арабиясына хиджабчан барганынын себеби айтылды



Биздин м*****р да башына жоолук салып барса болот го, адамга окшоп... Каяктагы хиджапты кийбей!!!
Кайсы салтыбызда арабдын хиджабын кийгиле деп айтылган?!!
Арабтардын Хиджабын кийген кыргыз кыздарын тигил дуйнодо бейиш кутуп жатыптырбы? Ээээй койчу эй арабтар менен биздин сакалчан молдолордун калп жомогун бизге айтпай.
Чубактын манкурттарын сындагандардын баарын Арстан Алайга жабыштыруу, ошол манкурттугунардын далили
Экинчиден министрдин башы болсо жоолук салып алмак башына!!!