super.kg logo

2 саат министр болуп "иштеген", ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм Тилегендин тилеги аткарылды

 

Мындан бир ай мурун Тилеген Рахатбеков аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм 2 саат символикалуу түрдө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин башкарган. Бул учурда ал өзү окуган мектепте китептер, шахматтык доскалар жетишсиз экенин айткан.

Тилегендин тилеги орундалганын аталган министрликтен маалымдашты.

“Мындан 1 ай мурда Тилеген Рахатбеков деген өспүрүм биздин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин символикалуу түрдө 2 сааттай башкарып, өзү окуган Дүлөй балдар үчүн атайын орто мектеп-интернатка окуу китептери жетишсиз экенин, шахматтык доскалар зарыл экендигин айткан эле. Биз аны министрдин тапшырмасы катары кабыл алып, 1 ай ичинде аткарганга жетиштик. Тилегендин министрлик кызматты аркалагандыгы, анын тапшырмалары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабардар болушкан “Human Appeal International” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Али Айоуб, жеке ишкер, уста Жумабек Мамажанов кайрымдуулук үчүн кол сунуп, Тилегендин тилегин орундатып келдик. Ар дайым турмуш шарты оор жарандарга колдоо көрсөтүп, кайрымдуулук көрсөтүү ниетинде жүргөн жогорудагы эки инсанга ыраазычылык билдирем. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын орто мектеп-интернатка сапарыбыз мектептин 85 жылдык мааракесине да дал келип, алып барган 210 миң сомдук китептин сертификаты, шахмат, шашки жана башка спорттук инвентарлар мектепке майрамдык белек болуп калды”, - дейт министр Улукбек Кочкоров.

Маалыматта белгиленгендей, Тилеген шахмат боюнча эл аралык мелдешке кетип, тилекке каршы иш-чарага катыша албай калган.

Тилеген Рахатбеков Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын 30 жылдыгына жана Кыргыз өлкөсүндө Конвенциянын ратификациялангандыгынын 25 жылдыгына карата өткөн акцияда 2 саатка министр болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
17.12.2019. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Улукбек Кочкоров мыкты инсан . Жана жардам колун сунгандарга Аллах разы болсун
17.12.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жараткан Тенирим ар бирибизге ден соолук берсин.
17.12.2019. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ушул балага добуш берген елем президент болсо жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: