super.kg logo

Пакистандын экс-президенти Мушаррафты өлүм жазасына тартуу өкүмү чыкты

 

Пакистандын атайын соту экс-президент Первез Мушаррафты мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мушарраф 2007-жылы президент болуп турган чакта конституцияны бузуп, өлкөгө чукул абал киргизген жана Жогорку Соттун судьяларын каматып салган. Бул аракети мамлекетке кылган чыккынчылык катары эсептелип, Пакистан соту тарыхта биринчи жолу өлкөнүн мурунку башчысына өлүм жазасына өкүм чыгарган.

Эске салсак, 76 жаштагы Мушарраф 2016-жылдан бери Дубайда дарыланып жүрөт. Азыркыга чейин өмүрү коркунучта болгондугу үчүн Пакистанга келе албайт. Буга чейин ал Белуджистан провинциясынын лидери Акбар Бугти (2006), экс-премьер Беназир Бхуттонун (2007) өлүмүнө жана башка кылмыштарга шектелип кармалып, кийинчерээк күрөөгө бошотулган. Мушарраф 2001-2008-жылдарга чейин Пакистандын президенти болуп, массалык нааразычылыктан кийин отставкага кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
17.12.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин Алешаны кандай кылсак бул болгону конституцияны гана өзгөртконү учун ушундай болуптур биздин АлМас ИИМ кызматкерлерин чекеге атып жатпайбы
17.12.2019. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
chake,биздин Алешаны деле ушундай кылып өмүр боюга кесиш керек.
18.12.2019. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jaznura, Алешанын озун эле кесуу аз болуп калат.

Алешага кошуп Акайчик, Бакийуп, Отунбайдын кызын, Раймилон жана Жэенбектин уулу Сокени олум жазасына тартыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: