super.kg logo

"ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттун өкүмүнүн тексти жактоочулардын колуна тие элек" дейт жактоочу

 

ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттун өкүмүнүн тексти жактоочулардын колуна тие элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Эрнис Сааданбеков билдирди.

"Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, өкүмдүн тексти угузулгандан 3 күндөн кеч эмес убакытта даяр болуп, 5 суткадан кеч эмес мөөнөттө айыпталуучуга жана жактоочуга тапшырылышы керек эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин соттун өкүмүнүн текстин ала албай келебиз. Күндө бир убакытты белгилешет. Мен атайын эрте барам. Бирок болбогон шылтоону айтып, бербей келишет. Өкүм 6-декабрда угузулган, апелляцияга документ тапшырышыбыз керек эле. Бирок өкүмдүн тексти колго тийбесе, ал иш-чараларды аткара албайбыз да", - дейт Айбек Калиевдин жактоочусу.

"Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: