super.kg logo

Boeing компаниясы 737 MAX үлгүсүндөгү учакты чыгарууну токтотот. Буга чейин адам өмүрүн алган эки учак кыйраган

 

АКШнын Boeing авиакурулуш компаниясы 737 MAX учагын чыгарууну токтотот. Мындай чечимге буга чейин дал ушул үлгүдөгү 2 учактын авиакырсыкка кабылгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 737 MAX үлгүсүндөгү эки учак чоң кырсыкка кабылгандан кийин, көпчүлүк өлкөлөр бул учакты колдонуудан баш тартышкан. 737 MAX учагын чыгаруу 2020-жылдын январь айынан тарта токтотулат. Ал эми бул учак үлгүсү кайрадан качан чыгарылып баштары азырынча белгисиз.

Буга чейин АКШнын авиациясы бул учактын кайрадан ишке кирүүсүнө 2020-жылдын февралында уруксат бериши мүмкүн экендиги айтылган. Эске сала кетсек, 2019-жылдын 10-мартында Boeing 737 MAX учагы Аддис-Абеба-Найроби багыты менен бара жатып, кыйроого учураган. Анын кесепетинен 157 адам курман болгон. Экинчи кырсык 2018-жылы октябрь айында орун алган. Анда Boeing 737 MAX учагы Индонезиянын борбору Жакарта шаарынан учуп чыгып, көп өтпөй деңизге кулап түшкөн. Анда учакта бара жаткан 189 кишинин баары каза болгон. Эки кырсыктын тең кесепетине учактын конструкциясындагы кемчиликтер себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: