super.kg logo

Өзбекстан 160-орунда болсо, Тажикстан 161-сапта турат. Сөз эркиндиги боюнча Кыргыз өлкөсү 83-орунда

 

Сөз эркиндиги боюнча Кыргыз өлкөсү 180 мамлекеттин ичинен 83-орунда. Бул тууралуу Эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. 2018-жылы Кыргыз өлкөсү сөз эркиндиги боюнча 98-орунду ээлеген болчу.

Учурдагы рейтингге ылайык, сөз эркиндиги боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн алдыңкы сабына Норвегия, Финляндия жана Швеция чыккан.

Коңшу Өзбекстан 160-орунда болсо, Тажикстан 161-сапта турат. Казакстан 158, ал эми Орусия 149-орунду ээлеген.

Сөз эркиндиги боюнча төмөн көрсөткүчтө деп уюм Түркмөнстанды атаган. Ал 180-сапка түшкөн. Анын алдында Түндүк Корея турат.



Буга чейин, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок экендигин билдирген. Бул билдирүү ЕККУнун ЖМКлар боюнча өкүлү Арлем Дезирдин Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндигине байланыштуу бир тараптуу жана чыныгы кырдаалды чагылдырбайт деген комментарийи боюнча жарыяланган. Буга министрлик толугу менен макул эместигин айтуу менен анын билдирүүсүн Кыргыз өлкөсүндөгү соттук бийликке таасир кылуу аракети иретинде карап жатканы таратылган маалыматта жазылган.

Ошондой эле өңүттө Тышкы иштер министрлиги АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин комментарийине жооп кайтарган. "Бул маалыматты чындыкка дал келбеген, эгемендүү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү жана соттук бийликке кысым көрсөтүү аракети деп баалайбыз. Ошондой эле АКШнын Өкүлдөр палатасынын комитетине маалымат булагын кылдаттык менен талдоону, алынган маалыматты бир канча ирет текшерүүнү сунуш кылабыз", - деп жазылат министрлик тараткан маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
18.12.2019. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шүгүр кылалы. Ашыкча ызылдаган туура эмес. Борбор Азия боюнча биз биринчи орунда турабыз сөз эркиндиги боюнча.
18.12.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
сөз эркинигине жамынган тролдор көбөйүп жатат акыркы учурда буларга чара көрбөсө болбой калдф
18.12.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз эркиндиги ото эркин, биздин эркиндик жада калса Европанын эркиндигине тен келе алат.
18.12.2019. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Absamat-90, башталды жомок!!!
18.12.2019. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул сыймыктана турган нерсе эмес,соз эркиндиги сенин казанына аш салып бербейт да,коруппция боюнча да биринчи орунда турабыз торолгондон олгончо коруппция мына ошону жок кылыш керек
18.12.2019. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger,кандайча казанга аш салбайт,азыр эки митинг отуп жатат ,а казакстанда эки эмес бир митинг,даже пустой кагаз которуп чыкса да камап кетет,карысы жашка карабайт.
18.12.2019. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз эркиндиги боюнча орто азия боюнча биринчи орундабыз деген чындыка жатпай калат го,Казакстанда деле биздей эле элдер интернетте чал кет деп ачык эле айтат
18.12.2019. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger,четинен камап жатат го ,аларга даже тынчтык митингге чыга алышпайт.
18.12.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл аралык деген бул уюм чыныгы жүзүбүздү билишпейт да, алар тиги гейпарадка чыккандарды көрүшүп, анан музейдеги жылаңачтангандарды көрүшүп, митингдерди көрүшүп анан оо буларда сөз эркиндиги бар экен деп жатышат!!! Чындап келгенде абал башка бизде!!!
18.12.2019. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз эркиндиги деп болуп жаткан кырдаалды ачык-айкын сайрап жатсанда созунду жогору жактагылар кулагынын сыртына калтырып эч кандай реакция кылбай жатышпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: