Жалал-Абад. Баңгизатын мыйзамсыз даярдап, пайдаланып жүргөн жаран кармалды
Ички иштер министрлиги тарабынан учурда республика боюнча "Мак-2013" жана "Кара куурай" операциялары жүрүп жатат. Анын алкагында Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги өздүк курамынын кызматкерлери менен биргеликте баңгиликке каршы күрөшүү, баңгизаты өскөн жерлерди жок кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара учурунда 11-август күнү аталган облустун Кара-Көл шаарынан 1 килограмм гашиш менен Руслан Харин аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Кармалган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүмүнүн негизинде иш козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. "Кылмышкер баңгизатын Токтогул суу сактагычынын жанындагы тоолордо өзү даярдап, мыйзамсыз сактап жана пайдаланып жүргөн",- деп билдиришти облустук ИИБден.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
-2
-2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















