Жогорку Сот "Ачык саясат" гезитинен депутатка 300 миң сом өндүрүп берүү чечимин күчүндө калтыргандан кийин "Кожобек Рыспаевге 1 сом" акциясы башталды
"Кожобек Рыспаевге 1 сом" аттуу акция башталды деп "Ачык саясат" гезитинин редакциясынан маалымдалды. Маалыматка ылайык, мындай аракет Жогорку Соттун аталган гезитке карата чыгарган чечиминен кийин башталган. Тактап айтканда, кечээ, 17-декабрда Жогорку Сот "Ачык саясат" гезитинен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 300 миң сом өндүрүп берүү чечимин күчүндө калтырган. Мындай чечимди буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алган болчу.
"Биз бүгүн редакциялык жамаат Ак Үйдүн астында өтө турган митингге чыгабыз. Ал жерден "Кожобек Рыспаевге 1 сом" акциясы башталат. Акцияда ал депутатка катышуучулардан бир сомдон топтойбуз. Кээ бирлер бизге 7 сомдон топтогула деп жатышат, биз дагы ойлонуп көрөбүз", - дешти редакциядан.
Гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова бул чечимди: "Бул саясий заказ, сөз эркиндигине болгон кысым" деп сыппаттай тургандыгын жазды.
Буга чейин депутат гезитти "Рыспаевди иттен чыгарып коюшту..." деген макала үчүн сотко берген. Ал алгач доо арызга 300 миң сом акча өндүрүү талабын койсо, кийин кайра арызга 1 миллион сом өндүрүп берүүнү жазган. Ал эми макала гезитке 2018-жылы жарыяланган.











1 |