Депутат суунун наркы боюнча бирдиктүү саясат болушу керектигин айтты
Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия фондунун ортосундагы "Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу" долбоору боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралды.
Депутат Бактыбек Турусбеков суунун наркы боюнча бирдиктүү саясат болушу керектигин айтты. "Эл аралык каржы уюмдарынын каржылык колдоосу таза суу чыгарылган айылдарда суунун баасы ар кандай өлчөмдө белгиленип жатат. Суунун наркы боюнча бирдиктүү саясат болушу керек. АРИС жаңы курулган суу тутумун жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп бербейт же анын абалына ырааттуу мониторинг жүргүзүп турбайт. Суу чыгаруу тутумун кургандан кийин, аларды андан ары күтүү маселеси да бар эмеспи", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.