super.kg logo

Ошто "каракчылыкка" шектелген жаран ооруканадан качып кетип, издөө жарыяланды

 

Ош шаардык ооруканасынан из жашырып кеткен Калдыбаев Алмаз Адыловичке издөө жарыяланат. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан жаран кечээ, 17-декабрь күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнөн изин жашырып кеткен.

"Изделип жаткан жаран Жазык кодексинин 202-беренеси "каракчылык" менен шектүү катары кармалган. Ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда болгон. Кандай шартта качып кеткендигин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзө баштады. Ош шаарынын аймагында качкан шектүүнү кармоого багытталган "Сирена" операциясы киргизилди. Кылмышка шектүү Калдыбаев Алмаз Адылович, 1989-жылы туулган. Кара-Суу районунун Лангар айылынын тургуну. Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан 41-жатаканада убактылуу жашаган. Баш сөөгүнөн операция болгон. Башы таңылуу", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Кимде-ким бул жаран тууралуу маалымат билген болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 102, 03222-4-82-82.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
18.12.2019. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип качырып ийишти деймда буту байлануу экен эле?
18.12.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уктап калып качырып жиберишти да, деги куралдарын да алдырып жиберишпеди бекен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: