super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. "Мекеним менин - Кыргызстан" аттуу ураандын алдында футболдук мелдеш башталды

 
Бүгүн, 17-августта Жалал-Абадда "Мекеним менин - Кыргызстан" аттуу ураандын алдында футболдук мелдеш башталды. Ага Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарынан келген жалпы 18 команда катышууда. Ошондой эле ардагер футболчулар катышып, калыстык кызматын аркалашууда. 1-орунду алган оюнчуларга  50 000 сом, 2-орунга 30 000 сом жана 3-орунга 20 000 сом байге коюлган. "Иш-чаранын максаты - жаштарды спортко үндөө, аларды ээнбаштыктан жана баңгиликтен алыс болууга чакыруу. Ошону менен бирге эле милиция кызматкерлери менен элдик кошуунду бириктирүү. Азыркы оюнда бир гана күч органдарынын кызматкерлери ойнобостон, элдик кошуундун да балдары ойноодо",- дейт облустук ИИБдин башчысы Жеңишбек Жоробеков. "Милиция менен элдин мамилесин жакшыртып, тынчтыкка чакыруу - биздин эң негизги максатыбыз",- деп кошумчалады ал. Аталган спорттук мелдеш Жалал-Абад ОИИБи менен Жалал-Абад облустук Футбол федерациясы тарабынан уюштурулууда. Мелдеш эртең, 18-августта жыйынтыкталат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: