КҮНСОБОЛ: АКШга жана ЕККУга ТИМдин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" деп коңгуроо какканы туура чечим болдубу? Келдибеков: "Эгемендүү өлкөнүн ички иштерине башка мамлекеттин кийлигишүүсүнө эч качан жол берилбеши керек"
2015-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго сыйлык тапшырылганына каршылык билдирүү максатында, Кыргыз өкмөтү АКШ менен болгон макулдашууну бир тараптуу денонсация кылууга барган.
Жакында эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун ЖМКлар боюнча өкүлү Арлем Дезирдин Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндигине байланыштуу бир тараптуу жана чыныгы кырдаалды чагылдырбайт деп айткан. Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун өкүлүнө жана АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол сыяктуу комментарийлерине карата "биз муну эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети деп баалайбыз" деди.
SUPER.KG порталы "АКШга жана ЕККУга Тышкы иштер министрлигинин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" деп коңгуроо какканы туура чечим болдубу?" деген собол салды.
Саясатчы Ахматбек Келдибеков мындай нерселер дипломатиялык жол менен айтылышы керек деген пикирде.
"Эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине башка мамлекеттердин же башка мамлекеттин структураларынын кийлигишүүсүнө эч качан жол берилбейт. Бул туура эмес. Тышкы иштер министрлигинин коңгуроо какканы эң туура. Мындай нерселер дипломатиялык жол менен айтылышы керек. Алардын ички иштерге кийлигишип жатканы, комментарий бергени туура эмес", - дейт Келдибеков.



