super.kg logo

Италияда мышыктын бутуна протез коюлду. Азыр ал интернет жылдызына айланган

 

Былтыр Витуццо аттуу мышыгын кожоюндары досторуна дайындап алыска кетишкен. Бейтааныш үйгө көнө албаган мышык качып чыгып, жоголуп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жоголгон мышыкты бир күндөн кийин машина сүзүп, арткы эки буту сынган абалда табышат. Хирургдар Витуццонун алгач арткы бир бутун, экинчи бутуна инфекция кирип кеткенден кийин аны да кесип салууга аргасыз болушат. Адатта мындай абалга туш болгон мышыктарды укол сайып "уктатып" коюшат. Италиялык дарыгерлер Витуццого жашоого мүмкүнчүлүк берип, атайын протез жасап беришкен. Жасалма буттарды салганда мышыкка көнүү үчүн бир нече ай кеткен. Учурда мышык жасалма буттарына көнүп, кадимкидей басып, чуркап жүрөт. Жадакалса кожоюндары Витуццо үчүн атайын Инстаграм баракча ачып, анын баскан-турганын жүктөп турушат. Ошентип ал Италиядагы алгачкы протез кийген мышык болуп, интернет жылдызына айланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.12.2019. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда 3 жыл мурда протез койгон эле мышыктын арткы буттарына.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: