super.kg logo

АКШнын президенти Дональд Трампка импичмент жарыяланды. Ал эки берененин негизинде айыпталып жатат

 

АКШнын президенти Дональд Трампка импичмент жарыяланды. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы өлкө башчысын бийликтен алуу үчүн добуш беришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, добуш берүү 19-декабрга караган түнү болгон. Дональд Трампка импичмент жарыялоо "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "конгресстин ишине тоскоолдук жаратуу" беренесинин негизинде добушка коюлган. Биринчи берене боюнча 230 өкүл макул деп добуш берсе, 197 өкүл каршы деген добушун берген, ал эми үчөө добуш берүүдөн баш тарткан. Ал эми экинчи берене боюнча 229 макул десе, 198и каршы добуш берген. Бир өкүл добуш берүүдөн баш тарткан.

Дональд Трампка импичмент жарыялоого макул болгондордун көбү демократиялык партиянын өкүлдөрү, ал эми каршы добуш бергендер республикачыл партиянын өкүлдөрү. Эми Дональд Трампты аталган берененин негизинде бийликтен алуу же ордунда калтыруу маселесин Сенаттын талкуусу чечет.

Дональд Трамп импичментке кабылган үчүнчү президент болууда. Буга чейин импичмент 1868-жылы президент Эндрю Жексонго жана 1998-жылы Билл Клинтонго жарыяланган. Бирок Сенат экөөнү тең актап чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
19.12.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Демократия
19.12.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Бизде ушундай жол барбы, Раимдин крышасына кодонгонго
19.12.2019. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Asman779,
Бизде кошоматчылыктын мыйзамы иштейт. Соке кетсин.
19.12.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ж.Садыр байкеден башкасы эч кимиси татыктуу эмес президентке бул менин жеке ойум.
19.12.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
США ны бизге салыштырып болбойт биздин кругазорлор башкача оорчугон бийликке келсем тоносом ичсем жесем дегендей. Биз качан гана тундук кореянын законундай закондо же ошондой темирдей адам болсо анан онолобуз а так кыйынго
19.12.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мына парламенттин кучтуулугу,бизде ушундай кучтуу парламент болгондо Аташ 2-3жыл иштегенде эле пайда болбосо импичмент кылып кетиргенде азыркы шоунун баары болбойт эле,бизде парламент президентти 3жылдай сынап коруш керек иштей албаса кетириш керек,6жыл кутуп анан гана артынан жамандап каматуунун зарылдыгы жок.
19.12.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kyrgyz_bloger,бизде кайдан, наоборот бийлике келгендерди кимиси болсо да кошоматтанып баштайбыз
20.12.2019. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде бийликти уялбай ЖК тин жок дегенде 80%и колдоп бермек. Оз оюна жараша чечим чыгаруу деген бизде жок. Шамалдын багытына жараша озгоруп турмай кошоматчылар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: