super.kg logo
  Саясат  

Кылычбек Султан Азимбек Бекназаровдун элчи болуп дайындала тургандыгы жөнүндө билдирүү жарыялады

 

Мурдагы элчи Кылычбек Султан Азимбек Бекназаровдун Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчи болуп дайындалышы мүмкүн экендиги тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.

"Биринчиден, дүйнөлүк практикада, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө дагы элчи кызматы саясый кызмат болуп саналат. Ошондуктан элчилик кызматка кадрдык дипломаттардын дайындалышы да, саясий, маданий ишмерлердин же аскердик адамдардын дайындалышы да кадимки эле көрүнүш экенин моюнга алышыбыз керек жана мунун тегерегинде саясий спекуляция кылуу негизсиз.

Экинчиден, тил тууралуу... Алыска барбай эле ушул Кыргыз өлкөсүндөгү чет өлкөлүк элчилердин канчасы кыргыз тилин билет деп айта алабыз? Ашып кетсе 5 пайызы. Дагы 50 пайызы орус тилин билиши мүмкүн. Ал эми калгандары англис тилинде алака кылышат.

Ошондуктан Азимбек Бекназаровду Малай тилин билбейт деп кодулоо суу кечпейт. Ал эми англис тилин да билбесе, анда сындоого негиз бар.

Чын чынында, элибизди ойлонтуучу эң негизги суроо бул – чиновник эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп береби же жеке кызыкчылыгы үчүн, кандайдыр бир кландын кызыкчылыгы үчүн иштейби?
Мына ушул нерсе көңүл бурууга татыктуу эң башкы критерий!", - деп жазылат билдирүүдө.

16-декабрь күнү Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына талапкерлигин карай тургандыгы маалым болгон. Эртеси, 17-декабрда аталган комитет анын талапкерлигин жактырган. Президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү жарлыкка кол коё элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: