super.kg logo

ДЦП менен төрөлгөн 5 жаштагы кыз жылына 18 миллион доллар табат

 

"Форбс" журналы 2019-жылы дүйнө боюнча эң көп киреше тапкан YouTube-блогерлердин тизмесин жарыялады. Краснодар шаарында төрөлгөн 5 жаштагы Анастасия Радзинская ал тизменин 3-орунуна кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 5 жаштагы Настя Радзинская ДЦП менен төрөлгөн. Дарыгерлер аны сүйлөбөй калышы мүмкүн деп эскертишкен. Бирок ата-энеси кызынын айыгып кетүүсүнө болгон күчүн жумшап, максаттарына жеткен. Алгач алар ДЦП менен төрөлгөн кызындагы жылыштар тууралуу YouTube`га видео тартып, жүктөй башташкан. Кийинчерээк хобби каражат алып келген булакка айланган. Настянын каналына атасы менен бирге ойногону, сейилдегени, улуулар жана балдардын жүрүм-туруму тууралуу видеолор чыгат. Учурда Майамиде жашаган Настянын 7 каналы, жалпысынан 107 миллион катталуучусу бар. Видеолору 42 миллиарддан ашык жолу көрүлөт. Ага "Dannon" жана "Legoland" компаниялары кызматташуу үчүн миллиондорду төлөп келишет. Ошондой эле Настя дүйнө жүзүндө YouTube каналынан 4 бриллиант баскыч алган жалгыз блогер.

Белгилей кетсек, "Форбс" журналы чыгарган тизменин сап башында 26 миллион доллар киреше тапкан 8 жаштагы Райан Каджи, 2-орунда 20 миллион тапкан 30 жаштагы 5 спортчу достор турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.12.2019. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз балам экообуз кечке Настя менен атасын коробуз,ото жагат. Азаматтар!
19.12.2019. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ииий. Менин кызым да ушуну эле коро берет , озу эки жашар. Корсо бул миллионер турбайбы.
20.12.2019. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии бул кызды биз да корот экенбиз.
20.12.2019. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин 5 жашар кызым дагы аябай жакшы
корот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: