Депутат судьялардын жардамчыларын кыскартуу туура эмес кадам экенин билдирди
Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Курманкул Зулушев соттордогу жардамчыларды кыскартуу жөнүндө сөздөр жүрүп жатканын эске салды.
Ал азыркы учурда судьялар караган иштер өтө көбөйүп кеткендиктен, алардын жардамчыларын кыскартуу туура эмес кадам экенин белгиледи. "Ансыз деле иш көп, судьялардын жардамчыларын кыскарта турган болсоңор, анда жалпы сот тутумунун иш ыргагына доо кетет", - деди ал.
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева сот тутумунун ишин оптималдаштыруу максатында мындай демилгени өзү көтөргөнүн, бирок бардык судьялардын эмес, Баткен сындуу бир катар облустардагы судьялардын жардамчылары кыскартыла турганын билдирди. "Анткени ал аймактардагы судьялардын ишинин көлөмү ансыз деле аз, ошондон улам ушундай кадамга барууга туура келди", - деди ал.






1 |