"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жалал-Абаддагы жол кырсыгынан жабыркагандар жок" дейт жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнөн
"Элдик кабар" бөлүмүнө Жалал-Абад шаарында 3 унаа кагышып, айдоочу жабыркагандыгы тууралуу маалымат келген. Аталган фактыны Жалал-Абад Жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн басма сөз кызматы тактап, бирок жаракат алгандар болбогонун билдирди.
"Бүгүн, 19-декабрда Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда Мерседес-Бенц Спринтер, Субару Легаси, Матиз автоунаалары кагышкан. Кырсыктан жабыркагандар жок. Бирок автоунааларга материалдык чыгым келтирилген. Тергөө иштеринен кийин жыйынтык чыгарылат", - дейт аталган бөлүмдөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















