super.kg logo

УКМК: "Ширин Айтматова жолдошум деп жаткан жаран алдамчылыкка шектелип кармалды"

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова жолдошум деп жаткан жаран кармалды. УКМК анын эмнеге кармалганы боюнча маалымат таратты.

"УКМКга М.М. аттуу Кытай жараны кайрылган. Ал С.Кенжебаев аттуу жаран алдоо жолу менен анын 350 миң доллар акчасын алганын айтып, чара көрүүнү суранган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берененин (алдамчылык) 3-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө амалдарынын алкагында Кытай жараны "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабына катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө келгени маалым болгон. Ал кытайлык ири компаниянын өкүлү катары долбоорго инвестиция тартуу үчүн келген. Кытай жараны долбоорго катышууга даярданып жатканда С.Кенжебаев менен таанышкан. Жаңы таанышы анын ишенимине кирип, күтүүсүз чыгымдарга деп 350 миң доллар акчасын алып, кийин акчаны кайтаруудан баш тарткан.

Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүш ишинде С.Кенжебаев Кытай жаранынан дагы 250 миң доллар акча талап кылганы тууралуу далилдер алынган.

Жогорудагы иш боюнча 20-декабрда С.Кенжебаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованын жогорудагы иш боюнча анын жолдошу кармалганы тууралуу билдирүүсүнө карата УКМК буга байланыштуу маалымат жоктугун билдирет. Анткени экс-депутат сурактардын биринде ишенимдүү түрдө жолдошу менен ажырашканын, ал эми С.Кенжебаев менен көпкө созулбаган жарандык никеде жашаганын айткан",
- деп жазылат маалыматта.

Экс-депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жолдошу дайынсыз болуп жатканын билдирген. "Биздин атабызды Алматынын аэропортунан белгисиз адамдар кармап кетишти. Балким уурдап кетишти. Эч ким эч нерсе айтпай жатат", - деп жазган Айтматова.

Маалымат үчүн: 204-берене. Алдамчылык

  1. Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдө;

2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(18)
20.12.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
)))
20.12.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Атанын татыксыз кызы!
20.12.2019. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Alimbek1000, Күйөөсү кармалса атасынын кандай тийешеси бар?
20.12.2019. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Атасын шерменде кылып бүтмөй болду бул.
20.12.2019. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Алдамчылык менен кармалган турбайбы.
20.12.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шок болуп кетти буга чейин кармалбаган эми кармап алганын
20.12.2019. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
350 миң доллар деген эмне деген акча уурулар ууру камалсын деп жүргөн турбайбы шерменделер
20.12.2019. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
chake,Раимдин орду кайда ошондо?Ал жонундо эмне унчукпайсын.Кытай жаранынын фактысы бар экенби?Отуп келсин фактысы болсо.
20.12.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Учунчу революция жакындап калгандай го
20.12.2019. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Abdizhapar,эгер 3 революция болсо Кыргызстан дагы артка кайтат
20.12.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жалган маалымат болсо керек... Кытайлар олуп баратса 350мин долларын бербейт жондон жон... Ишенбейм... Рикиге тийишкен учун кармалды куйоосу деп ойлойм...
20.12.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Mintip-menu-suybo,Рикин ким?
20.12.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Ширин Айтматова атанын кызы боло албай калды. Вариантарды карады бирок майнап чыкпады. Депутат болуп отурган кезде эч бир иш кылбай жүрдү эле эми эмнеге дагы ошол жакка аракет кылып жатат.
20.12.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Россиянын жараны Текебаевды каматты эле,эми Кытайдын жараны каматты дейт,тан калычтуу коопсуз шаарды жасаганы келген инвесторлор болсо мнеге окмот менен иштешпей окмотко акча бербей башка эле адамга берет акчаны,буга ишениш кыйын ТЭЦ ишинде акча Кыргызстанга кирген дагы эмес деген,бул иште деле акча бизге келиши мумкун эмес алар камераларды Кыргызстандан сатып алмак беле,Кытайдан ала келмек да.
Kyrgyz_bloger түзөттү 2019-12-20 11:18:45
20.12.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айтматовдун атын атабай эле Кенжебаев деген жаран деп жазса болбойбу? Кантсе да Чынгыз атабыз улуу инсан. Сасык саясат
20.12.2019. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aimani,сасык саясатта Уулу атанда жургон.Акаевдин артын таптаза кылып ######
20.12.2019. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атамбаевдин кочу уланып жатат, Мадумаров туура эле айтыптыр.
20.12.2019. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээтен бери күйөөм жоголду деп долуланып бүт дүйнөгө айгай салды эле. Бүгүн аны менен жашабаганын УКМКга айтканын кандай түшүнсө болот? Деги күйөөсү ким?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: